• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

1-октябрга карата Кыргызстандын аймагында күтүлгөн аба ырайы тууралуу маалымат

Коом 0

Бишкек, 30.09.20. /Кабар/. Эртең, 1-октябрда түнкүсүн Кыргызстандын кээ бир райондордо жаан жаап, тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. Күндүз Талас облусунун кээ бир райондорунда, Чүй облусунун тоо этектеринде жаан, тоолуу райондорунда кар жаашы күтүлөт, Чүй облусунун өрөөндөрүндө жаан-чачын күтүлбөйт. Кыргызгидромет борбору билдиргендей, батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетиши күтүлөт.

Абанын температурасы Чүй облусунда түнкүсүн 1…6, күндүз 14…19 градус, Талас облусунда түнкүсүн 0...5, күндүз 12…17 градус болот.

Ысык-Көл жана Нарын облустарында түнкүсүн 1…6, күндүз 12…17 градус болушу күтүлөт.

Ал эми Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында абанын температурасы ​түнкүсүн 5…10, күндүз 16…21 градус болот.

Эртең, 1-октябрда Бишкек шаарында мезгил-мезгили менен жаан жаашы ыктымал, күндүз жаан-чачын ыктымалдыгы аз. Абанын температурасы түнкүсүн 4…6, күндүз 17…19 градус болот.

Пикир

Оставить комментарий