• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Баткенге гумжардам ташууга жана жарандарды эвакуациялоого 65 тонна дизель майы бөлүнгөн

Коом 0

Бишкек, 17.09.22. /Адил Төлөгөнов - Кабар/. Баткен облусуна гуманитардык жардам ташууга жана жарандарды эвакуациялоого 65 тонна дизель майы бөлүнгөн. Бул тууралуу ӨКМдин жарандык коргонуу башкы башкармалыгынын ыкчам бөлүмүнүн башчысы Таалайбек Айткулов түз эфир учурунда билдирди.

Анын айтымында, Мамлекеттик материалдык резервдер фондунан бөлүнгөн 65 тонна дизель отундун 33 тоннасынан ашыгы Баткенге жеткирилди.

“Ал жарандарды эвакуациялоого, гуманитардык жардамды жеткирүүгө жана кырдаал турукташканда калкты кайра үйлөрүнө жеткирүүгө багытталат”, - дейт ал.

Айткулов белгилегендей, акыркы маалыматтарга караганда, Баткенге жалпы 164 тонна 846 кг гуманитардык жүк чогулган.

Пикир

Оставить комментарий