• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Кыргызстан менен Корея айыл чарба багытындагы кызматташтыкты кеңейтет

Коом 0

Бишкек, 06.02.24. /Кабар/. Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министринин биринчи орун басары Мурат Раматов Кореянын айылдык коомчулук корпорациясынын (KRC) президенти Ли Бён Хо баштаган корей делегациясынын өкүлдөрү менен жолукту.

Министрликтен билдиришкендей, жолугушууда тараптар айыл чарба тармагында жашылча өндүрүү багытындагы кызматташтыкты тереңдетүү мүмкүнчүлүктөрүн талкуулашты. Бул долбоор Кыргызстандын айыл чарбасын өнүктүрүүгө гана салым кошпостон, жашылча-жемиштерди коңшу өлкөлөргө экспорттоонун жаңы келечегин ачат.

Мындан тышкары, айыл чарбасын жана балык чарбасын суу менен камсыз кылуу, ирригациялык системаны жакшыртуу жана коомчулуктун деңгээлинде айыл аймактарын өнүктүрүү боюнча кызматташуунун келечеги талкууланды.

Жолугушуу конструктивдүү жана жемиштүү деп бааланып, тараптар талкууланган долбоорлорду ишке ашырууда мындан аркы кызматташууга даяр экендиктерин билдиришти.

Пикир

Оставить комментарий