• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

ӨКМ: Шашылыш билдирүү!!!

Коом 0

Бишкек, 4-май /Кабар/. 2017-жылдын 4-майына чейин жаап өткөн жаан-чачынга жана 4-майынан 8-майына чейин абанын температурасынын жогорулашына байланыштуу республиканын тоолуу аймактарында кар көчкү түшүү коркунучу бар. Бул тууралуу КР ӨКМ басма сөз кызматы билдирди.

Алардын маалыматы боюнча, Кыргызстандын тоолуу райондорунда, Бишкек-Ош унаа жолунун (Төө-Ашуу ашуусу) 121-128, 132-136-чакырымдары, (Ала-Бел ашуусу, Чычкан капчыгайы) 222-250-чакырымдары, Каракол-Эңилчек унаа жолунун (Чоң-Ашуу ашуусу) 45-92 чакырымдары, Барскоон-Ак-Шыйрак унаа жолунун (Барскоон жана Сөөк ашуусу) 60-68-чакырымдарында кар күрткүсү жана кар көчкү түшүү коркунучу сакталат.

Коопсуздук үчүн унаалардын ортосундагы 500 метр аралык кыймыл чектелиши зарыл.

Шашылыш билдирүүнүн негизинде адамдардын өлүмүнө жеткирбөө жана материалдык чыгымдарды азайтуу максатында, КР ӨКМи тарабынан телефонограмма чыгарылып, тийиштүү Жарандык коргонуу кызматтарына, КР Өкмөтүнүн облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнө, Бишкек жана Ош шаарларынын мэрлерине жеткирилди жана уюлдук операторлор аркылуу элге СМС билдирүүлөр жөнөтүлдү.

Пикир

Оставить комментарий