• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Бишкекте Дүйнөлүк банктын өкүлү менен сот тутумун санариптештирүү маселеси талкууланды

Коом 0

Бишкек, 03.11.23. /Кабар/. Бүгүн, 3-ноябрда Жогорку соттун төрагасы Замирбек Базарбеков Дүйнөлүк банктын эксперти Клаус Декер менен жолугушту.

Тараптар Кыргыз Республикасынын сот тутумун санариптик трансформациялоого байланышкан долбоорлорду каржылоо маселелерин талкуулашты.

Жыйынга КР президентинин администрациясынын, сот тутумунун жана министрлер кабинетинин өкүлдөрү катышты.

Жогорку сотунун төрагасы өз сөзүндө учурда зарыл инфраструктураны түзүү жана маалыматтык системаларды иштеп чыгуу боюнча масштабдуу иштер жүрүп жаткандыгын белгиледи.

"Сот тутумунда "Сот" автоматташтырылган маалымат системасы, "Соттук актылардын мамлекеттик реестри", сот отурумдарын аудио жана видео жаздыруу, ошондой эле протоколдоо", "Санариптик сот адилеттиги" порталы жана башкалар киргизилген.

Жогорудагы маалыматтык системаларды иштеп чыгуу жана ишке киргизүү, албетте, соттордо иштерди кароонун тартибин жакшыртууга, сот адилеттигинин жеткиликтүүлүгүн жана ачыктыгын камсыз кылууга, сот адилеттигин ишке ашыруунун сапатын жогорулатууга жардам берет.

Бирок, жогоруда аталган маалыматтык системалар сот системасынын муктаждыктарына жана талаптарына толук жооп бербейт. Санариптик технологиялардын тез өнүгүшүнө байланыштуу сот системасын санариптик трансформациялоо процессинде колдонууну талап кылган жаңы мүмкүнчүлүктөр пайда болууда.

Мунун баары, тилекке каршы, бюджеттик каражаттардын чектелгендигинен жана жогорку деңгээлдеги адистердин жетишсиздигинен улам сот бийлигинин күчү менен ишке ашырылышы мүмкүн эмес", - деди төрага.

Реформанын башкы максаттарынын бири сот адилеттигинин жеткиликтүүлүгүн, натыйжалуулугун жана сапатын жогорулатуу, ошондой эле сот тутумунун ачыктыгын жана айкындыгын камсыз кылуу, көрсөтүлгөн максаттарга жетүүдө санариптештирүү маанилүү фактор болуп саналат.

Пикир

Оставить комментарий