• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

ӨКМнын атайын эсеби жабылды

Коом 0

Бишкек, 15-март /Кабар/. 2017-жылы 15-мартта КРнын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин атайын эсеби жабылды. Бул тууралуу ведомствонун басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, 2017-жылы 14-март саат 17:00го карата КР ӨКМнын атайын эсебине 96 млн 532 миң 026 сом 61 тыйын түшкөн.

Акча каражаты Өкмөттүк комиссияга берилет. Каражатты ачык-айкын бөлүштүрүү үчүн комиссиянын курамына жабыркагандар дагы кирет.

Эскерте кетсек, атайын эсеп 2017-жылы 16-январда учак кырсыгынан жабыркагандарга жардам берүү үчүн КР премьер-министри Сооронбай Жээнбековдун тапшырмасы менен ачылган. Акча каражаты жеке жактардан дагы, юридикалык жактардан дагы түшүп жатты. Маморгандар, фонддор, уюмдар жана жеке жактар ӨКМнын атайын эсебине каражат которуу менен активдүү жардам беришти.

Пикир

Оставить комментарий