• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Маданият министрлиги Моргенштерндин концертин өткөрбөө боюнча чара көрүүдө

Коом 0

Бишкек, 16.06.23. /Кабар/. Кыргызстандын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги россиялык аткаруучу Моргенштерндин концертин өткөрбөө боюнча чара көрүүдө. Бул тууралуу министр Алтынбек Максутов бүгүн "Ата-Журт Кыргызстан" фракциясынын жыйынында билдирди.

Депутат Алишер Козуев чет элдик аткаруучулардын концертин министрлик көзөмөлдөп жатабы деп, рэп аткаруучу Моргенштерндин алдыда боло турчу концертине нааразычылыгын билдирди.

"Биз уюштуруучулар менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатабыз. Биз сиздер менен толук макулбуз. Ага Россияда кылмыш иши козголгон. Азыркы учурда анын концертин өткөрбөө боюнча чара көрүп жатабыз", - деп жооп берди Макустов.

Пикир

Оставить комментарий