• 88.39
  • 94.96
  • 0.97

"CASA-1000": Энергетика министрлиги курулуштун жүрүшү тууралуу маалымат берди

Коом 0

Бишкек, 01.08.23. /Кабар/. Энергетика министрлиги Кыргызстандагы "CASA-1000" долбоорунун курулушунун жүрүшү тууралуу маалымат берди.

Ага ылайык, Кыргызстанда CASA-1000 долбоорун ишке ашыруунун алкагында 500 кВ электр берүү чубалгысы (ЭБЧ) жана "Датка" 500 кВ көмөк чордонун куруу иштери уланууда. Азыркы учурда 1243 тирөөчтүн курулуш аянтчаларына кирме жолдорду куруу (100%), тирөөчтүн чуңкурларын казуу (100%), тирөөчтөрдү арматуралоо жана бетондоо (100%) иштери аяктады. Учурда тирөөчтөрдү орнотуу иштери жүрүп жатат, 1236 тирөөч (99%) орнотулду жана 265,78 чакырым (58%) зымдар тартылды.

"Датка" көмөкчордонунда негизги курулуш-монтаждоо иштери ийгиликтүү аяктады. Тактап айтканда, нейтралдуу, май куюучу жана өрт тосмолуу комплектиси менен 500 кВ шунттоочу реактор аксессуарлары, 3 комплектиден турган 500 кВ автоматтык өчүргүчтөр, 500 кВ ток трансформаторлорунан 3 комплекти, 500 кВ 6 даана чагылгандан коргогучтар жана башка жабдуулар орнотулду, жалпы узундугу 475 метрден ашык кабелдер тартылды.

Жалпысынан Кыргызстан боюнча 500 кВ электр берүү чубалгысынан "Датка" көмөк чордонуна чейин 456 чакырым электр берүү чубалгысы тартылат.

Маалымат үчүн: CASA-1000 долбоору Борбордук Азия менен Түштүк Азиянын - Кыргызстан, Тажикстан, Афганистан жана Пакистандын энергетикалык тутумдарын байланыштырууга багытталган жана эл аралык стандарттарга ылайык электр энергиясын сатуу боюнча механизмдерди иштеп чыгат.

Пикир

Оставить комментарий