• 88.39
  • 94.96
  • 0.97

Айыл жергесинде жашагандардын жарымы таштандыларды өрттөшөт

Коом 0

Бишкек, 17.12.18. /Кабар/. Кыргызстандын айыл жергесинде жашагандардын 46,5% таштандыларды өрттөйт, ал эми 16,7% гана атайын таштанды таштоочу жайга чогултат. Бул тууралуу Улуттук статистика комитетинен каабрлашкан.

Маалыматка ылайык, шаардыктардын 79,8% таштандыларды таштанды чогултуучу контейнерлерге чогултуп, таштанды үймөктөргө ыргытышат.

“Таштандылардан арылуу түздөн-түз коммуналдык кызматтары менен байланыштуу. 2017-жылы элдер таштандыларды контейнерлерге салып, таштанды үймөктөргө таштап, өрттөп жана жерге казып жок кылышкан”, - деп кошумчалашты комитеттен.

Ал эми айыл жергесинде жашагандардын көбү таштандыларды жерге казып салуу аркылуу жок кылышат. Бул ыкма эң көп Баткен (43,7%), Ош (32%) жана Жалал-Абад (16,8%) облустарында байкалат. Ал эми эң төмөн Талас (1,2%), Ысык-Көл (2,3%) жана Чүй (2,5%) областарында.

Пикир

Оставить комментарий