• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Алты айда КМ аркылуу 440 млрд сомго кассалык чектер берилген

Экономика 0

Бишкек, 20.07.23. /Кабар/. Мамлекеттик салык кызматы тарабынан жаңы техникалык талаптарга жооп берген ККМди киргизүү боюнча жүргүзүлүп жаткан иштердин натыйжасында акыркы 2 жылда контролдук-кассалык аппараттарды колдонгон ишкерлердин саны дээрлик үч эсеге көбөйүп, 2023-жылдын башына карата 65 422 ККМди түздү. Бул тууралуу министрлер кабинетинин отурумунда Мамлекеттик салык кызматынын төрагасы Алтынбек Абдувапов 2023-жылдын 1-жарым жылдыгында ведомствонун ишинин жыйынтыктары жөнүндө отчет берип жатып билдирди.

Салык кызматынын төрагасы белгилегендей, ККМди колдонгон субъекттердин мындай көбөйүшү салык органдары тарабынан жүргүзүлгөн түшүндүрүү иш-чараларынын, ошондой эле ишкерлерге 10 миңден ашык гибриддик ККМди бекер таратуунун натыйжасы болду.

ККМди колдонуу системасын өнүктүрүүгө Салык кызматынын "Чек талап кылып, байге утуп ал!” кызыктыруучу лотереясы да өзүнүн оң салымын кошту. Утуштун жүрүшүндө жарандар товарларды, жумуштарды жана кызматтарды сатып алууда кассалык чектерди талап кыла башташкан.

"6 ай ичинде республика боюнча ККМ аркылуу 440 млрд сомго кассалык чектер басылып чыккан. Демек, кирешелерди жашыруу мүмкүн болбой, бюджетке төлөнө турган салыктар келип түшүүдө", - деди А.Абдувапов.

Ал учурда Салык кызматы ишкердик субъекттеринин ККМди колдонуусун контролдоону жакшыртууга мүмкүндүк берген кассалык аппараттарды башкаруунун жаңы системасын колдонуп жаткандыгын маалымдады.

Жаңы системанын артыкчылыктарынын катарында – реалдуу убакыт режиминде кассалык аппараттардан түздөн-түз Салык кызматына маалыматтарды ыкчам алуу мүмкүнчүлүгү. Башкача айтканда, маалымат берүүгө ортомчу уюмдар жок. Ортомчу уюмдарсыз (ФМО) маалыматты түздөн-түз алуу салык төлөөчүлөргө кассалык аппараттарды тейлөөгө акынын өлчөмүн азайтууга мүмкүндүк берди.

Пикир

Оставить комментарий