• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

МСК: 25-мартка карата 250 миңден ашык салык төлөөчү БСД тапшырды

Экономика 0

Бишкек, 25-март /Кабар/. 2017-жылдын 25-мартына карата 254 миң 547 салык төлөөчү Бирдиктүү салык декларациясын тапшырган. Анын ичинде 37 миң 907 уюм, 159 миң 963 жеке ишкер жана 56 миң 677 физикалык жактар. Бул тууралуу КР Мамлекеттик салык кызматынын басма сөз кызматы билдирди.

МСК 1-апрелге чейин физикалык жактар салык органдарына 2016-жылдагы кирешелери же башка экономикалык ишмердиги, мүлктөрү жана жер тилкелери тууралуу маалыматтарды берүүсү керектигин эскертет.

Тактап айтканда, көрсөтүлгөн күнгө чейин БСДны мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлер, жеке ишкерлер, анын ичинде патенттик негизде салык төлөгөндөр, салык төлөнүүчү кыймылсыз жана кыймылдуу мүлк, жер тилкелеринин ээлери болгон физикалык жактар, дыйкан жана фермердик чарбалар тапшыруулары керек.

Декларацияны өз убагында тапшырбагандарга карата 2000 сом өлчөмүндө административдик айып каралган.

Кеңири маалыматты салык кызматынын чалуу борборунан 194 номери аркылуу же www.sti.gov.kg сайтынан алсаңыздар болот.

Пикир

Оставить комментарий