• 88.68
  • 95
  • 0.95

8 ай аралыгында Кыргызстандын энергетика тармагына 24 млрд сом бөлүндү

Экономика 0

Бишкек, 06.09.23. /Кабар/. 2023-жылга энергетика тармагына жана күз-кыш мезгилине даярдык көрүүгө 31,8 млрд сом каралып, 8 айдын жыйынтыгы менен 24 млрд сом бөлүндү. Бул тууралуу Финансы министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, анын ичинен күз-кыш мезгилине даярдык көрүү үчүн 4,3 млрд сом бөлүндү.

Алар:

- "Кыргызжылуулукэнерго" мамлекеттик ишканасы тарабынан "Мамлекеттик ишканаларды субсидиялоо" беренеси боюнча 1577,3 млн сом бөлүнгөн. Бул чыгашалар калк үчүн жылуулук энергиясына тарифтерди мамлекеттик жөнгө салууга байланыштуу "Кыргызжылуулукэнерго" жылуулук менен жабдуу ишканаларынын жоготууларынын ордун толтуруу үчүн каралган;

- бийик тоолуу, жетүүгө кыйын жана алыскы аймактарда жашаган калктын электр энергиясы үчүн 50 пайыздык жөлөкпулдун компенсациясына 150 млн сом каралып, анын 131,8 млн сому учурда каржыланды.

- республикалык бюджеттин бюджеттик мекемелерине көмүр жана отундун башка түрлөрүн сатып алууга 336 млн сом каралып, анын 164 млн сому каржыланды;

- республикалык бюджеттен каржылануучу бюджеттик мекемелерге коммуналдык кызматтарга байланышкан чыгашаларга 3152,6 млн сом каралган. Сегиз айда электр/жылуулук ресурстары боюнча иш жүзүндөгү чыгаша 1 799,9 млн сомду түзүп, анын ичинен электр энергиясына 1 484,8 млн сом, жылуулук энергиясына 282,1 млн сом, жаратылыш газына 33 млн сом төлөндү;

- жергиликтүү мамлекеттик администрациялар тарабынан керектелген электр энергиясына кеткен чыгымдарды жабууга 1 156,8 млн сом каралса, анын 689,8 млн сому учурда каржыланды;

- Бишкек жана Ош шаарларынын жылуулук электр станциялары үчүн электр энергиясын импорттоого жана отун ресурстарын сатып алууга кеткен чыгымдарды жабууга, "Камбар-Ата-1" ГЭСинин курулушун долбоорлоо-изилдөө иштери менен даярдоо мезгилинин объектилерин куруу боюнча иш-чаралардын планын ишке ашыруу долбооруна, чакан ГЭСти куруу долбоорун ишке ашыруу үчүн "Бала-Саруу" ГЭСине жана Орто-Токой суу сактагычына 2023-жылга 4,7 млрд сом өлчөмүндө бюджеттик насыялар каралып, анын 2,8 млрд сому бөлүнгөн;

- мамлекеттик стратегиялык энергетика ишканаларынын финансылык туруктуулугун жогорулатуу, "Электр станциялары" ААКнын жана "Кыргызстандын улуттук электр тармагы" ААКнын уставдык капиталын көбөйтүү максатында 10,8 млрд сом каралып, толугу менен бөлүнгөн;

- Энергетика министрлигинин административдик чыгымдарына 137,7 млн ​​сом бөлүнгөн.

Пикир

Оставить комментарий