• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

“Эмгегим элге, кызматым Кыргызстанга!”. ЖК депутаттыгына талапкер Русланбек Тагаевдин программасы

Шайлоо 2023 0

Бишкек, 06.09.23. /Кабар/. Тагаев Русланбек Таштанбекович Бишкектин Ленин району боюнча Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкер.

Тагаевдин программасы

"Урматтуу кыргызстандыктар! Урматтуу шайлоочуларым!

Жогорку Кеңештин депутаттыгына, Ленин округу боюнча бир мандаттуу шайлоого да саналуу күндөр калды. Мен буга чейин элим, электоратым, шайлоочуларым менен бир ай бою ар кайсы жерде, ар түрдүү форматта жолугушууларды уюштуруп, өз программам менен тааныштырып келдим. Кудайга шүгүр. Эл менен болгон жолугуушуларда көпчүлүк менин максаттарымды туура түшүнүп, багыттарымды колдоп жатканын сездим. Албетте бул мени кубандырат. Элимдин деми мени дагы да күчтөнтүп, дагы да шыктантты. Мындай массалык колдоолорду көрүп, “Мен дагы да катуу иштешим керек экен” - деген жыйынтыкка келдим. Кудай буюрса шайлоодон ийгиликтүү өтүп, Жогорку Кеңешке депутат болуп барып калсам, болгон күчүмдү урматтуу шайлоочуларым сиздерге, элиме арнайм. Андыктан алдыда өтө турган шайлоого активдүү катышып берүүңүздөрдү суранам. Шайлоо алдында дагы бир ирет сиздерге өз программамды сунуштайм.

1) Жол жана унаа тыгын маселелерин чечүү

Учурда шаарыбызда унаалардын көптүгү жашоочулар үчүн ыңгайсыздык жаратып келет. Бул маселени мен курулуш компанияларды милдеттендирүү менен чечем. Ар бир көп кабаттуу үй салган фирмаларга, үйдөн мурун унаа токтотуучу жайларды салуу боюнча талаптарды коюу керек. Шаар жолдорун оңдоп, ыйгайлуу кылып куруу маселесин ар тараптуу чечүү жолдорун жакшы билем. Маселен, районубуздун тургундарына ынгайлуу болусу үчүн, Жаш Гвардия бульвары менен Лев Толстой көчөсүн бири-бирине ар багыттуу айрылышы жолдору аркылуу кошуу зарыл. Ал эми Фучик менен Дооронбек Садырбаев (Баха) көчөсүнөн өтө тургандай кылып, эстакадалык көпүрө тургузсак шаардыктар үчүн дагы да ыңгайлуу болот.

2) Спорт

Спорт – бул ден-соолук. Келечек муундун саламаттыгы үчүн биз керектүү шарттарды түзүп беришибиз зарыл. Кичи машыгуу залдарынан тартып, ири спорт аянттарына чейин куруп, жаштарыбызды дени сак жашоого үндөшүбүз керек. Спорт секцияларынын түрүн көбөйтүп жаштарыбызга багыт көрсөтүшүбүз зарыл.

3) Адилеттүүлүк

Биз адилеттүүлүктү өзүбүздөн, үй-бүлөбүздөн башташыбыз керек. Анткени өзүбүз адилеттүү болбой туруп, башкалардан чынчылдыкты талап кыла албайбыз. Адилеттүүлүк боюнча мектептерге кошумча программа сунуштайбыз. Мектептен алган тарбия-таалим эртеңки адилеттүү коомду курууда пайдубал болот.

4) Мектеп жана бала бакча

Билим берүү тармагы боюнча, президентибиз Садыр Жапаровдун демилгеси менен масштабдуу түрдө ремонт иштери жасалып, жаңы мектептер салына баштады. Ошентсе да, биздин Ленин районубузда миңдеген балдар мектеп менен бала-бакчага кезекке туруп калып жатышат. Биз мектеп курууга жете турган жер издебей эле мектептердин карамагында жерлерди пайдаланабыз. Кошумча корпустарды салуу – бул көйгөйдү чечүү жолдорунун бири. Бала бакчаларды салганга шаарда жер бар. Жаңы бала бакчаларды санын көбөйтүүнун жолун билебиз. Шайлоочуларым ишеним көрсөтүп эл өкүлү болуп шайлансам – бул маселени программамдын негизги бөлүгү катары биринчи кезекте чечебиз. Билим жеткиликтүү, сапаттуу болушу керек дейбиз, ал үчүн алгач билим алууга орун түзүп берели!

5) Жашылдандыруу жана суу менен камсыздоо

Бишкекте жашылдандыруу жана ирригация эң маанилүү маселе болуп келет. Учурда жашыл калаа образын сактап калуу үчүн бир топ алгылыктуу аракеттер жасалып жатат. Алардын ичинен “Бир адамдан бир көчөт” демилгеси. Ар бир жаран, ушул шаарда жашап, абасынан дем алып жаткандан кийин калааны көрктөндүрүүгө милдеттүү деп билем. Куурап бараткан дарактар, какшыган арыктар – сиздердей эле мени дагы капалантат. Жашыл шаар баарыбыз үчүн керек! Шаарыбызда суу маселеси да абдан курч турат. Муну быйыл жайында көрдүк, көйгөйдүн канчалык маанилүү экенин жон терибиз менен сездик. Биз Бишкекте биринчилерден болуп, дал ушул суу маселесин чечишибиз керек. Бишкектеги сугат суу, жашылдандыруу көйгөйүн кантип чечем? Калаабызды жашыл бойдон сактап калуу үчүн жер асты сууларын толук кандуу пайдаланышыбыз керек. Ал үчүн шаардын ар кайсы жеринен бургулоо (скважина) жолу менен суу чыгарышыбыз зарыл. Жүздөн ашык “скважина” орнотсок сугат маселеси чечилет. Ал эми ичүүчү сууну сугат суудан өзүнчө кароо эң туура болот. Калаага таза суу топтогон суу кампаларын көбөйтүшүбүз керек.

“Эмгегим элге, кызматым Кыргызстанга!”

Сиздерди терең урматтоо менен Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкер,
Тагаев Русланбек Таштанбекович".

Материал «КР Президентин жана Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо жөнүндө» конституциялык Мыйзамдын 22-беренесинин 18-пунктуна ылайык акысыз жарыяланды.

Пикир

Оставить комментарий