• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Августта Кыргызстандан 18,2 миң баш мал экспорттолуп, 3,2 миң импорттолгон

Экономика 0

Бишкек, 04.09.23. /Кабар/. Айыл чарба министрлиги айына канча айыл чарба малы экспорттолуп, канчасы импорттолгондугу тууралуу маалымат берди.

Ведомствонун маалыматына ылайык, республика боюнча 18 миң 216 баш экспорттолуп, 3 миң 275 баш импорттолгон.

Экспорт:

- бодо мал – 7471 баш;
- кой-эчки – 10 миң 423 баш;
- жылкы – 321 баш.

Импорт:

- бодо мал – 2 миң 772 баш;
- кой-эчки – 6 баш;
- жылкы – 497 баш.

Пикир

Оставить комментарий