• 88.68
  • 95
  • 0.95

Кыргызстанда акысыз юридикалык жардам берүү боюнча 10 борбор ачылат

Коом 0

Бишкек, 06.12.21. /Адил Төлөгөнов - Кабар/. Кыргызстанда акысыз юридикалык жардам берүү боюнча 10 борбор ачылат. Бул тууралуу “Кабар” агенттигиндеги маалымат жыйынында Мамлекет кепилдеген юридикалык жардамды координациялоо борборунун директору Акжол Калбеков билдирди.

Эскерте кетсек, бүгүн, 6-декабрда, Кыргызстанда калкка акысыз консультациялык-укуктук жардам көрсөтүү декадасы старт алды.

Калбеков декаданын алкагында жарандарга акысыз укуктук жардам берүү системасы тууралуу тийиштүү маалымат берүү экендигин белгилейт.

“Бир топ иш-чаралар пландалган. Алсак, конкурстар, лекциялар өтөт. Юридикалык жардамды чет өлкөлүк жарандар, качкындар, жарандыгы жоктор дагы ала алат. Ошондой эле керектигине жараша акысыз адвокаттар менен дагы камсыз боло алат. Иш-чарага Юстиция министрлигинин бардык ведомство, мекемелери тартылат. Министрдин өзү дагы катышуусу күтүлүүдө” - деди ал.

Калбеков учурда 34 акысыз юридикалык жардам берүү борбору иштеп жатканын, жакында дагы 10 борбор ачыларын кошумчалап кетти.

Пикир

Оставить комментарий