• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Кочкордо заманбап мектеп курулууда

Аймак 0

Бишкек, 26-май /Кабар/. Нарын облусуна караштуу Кочкор районундагы Чекилдек айылындагы жаңы мектептин курулушу техникалык талаптарга ылайык салынып жатат. Бул тууралуу Мамэкотехинспекциянын басма сөз кызматы билдирди.

Алардын маалыматы боюнча, мамэкотехинспекциянын инспекторлору жаңы салынып жаткан билим берүү мекемелердин сапаттуу курулушуна өзгөчө көңүл буруп, көзөмөл жүргүзүп келет. Чекилдек айылындагы салынып жаткан мектеп дагы тыкыр көзөмөл алдында курулууда.

Мектептин курулуш иштери 2016 жылдын январь айында башталган. Учурда окуу корпусунун жасалгалоо иштери жүрүп жатат. Мектеп 2 кабаттан туруп, 150 орунга ылайыкталган. Мындан сырткары заманбап үлгүдөгү спорт залдын курулушу жүрүп жатат.

“Мамэкотехипекциянын курулушту көзөмөлдөө боюнча адисинин айтымында, салынып жаткан мектеп коюлган талаптарга жооп берип, сапаттуу салынууда. Аталган курулуштун ар бир этабында кылдат текшерүүлөр жүргүзүлүп, куруу иштеринин кийинки баскычтарына уруксат берилип турат. Курулуш иштери толук аяктаган соң мектеп кайрадан текшерүүгө алынарын Мамэкотехинспекциянын инспектору кошумчалады. Курулуш иштери техникалык талаптарга ылайык салынып, мүчүлүштүктөр аныкталбаса, мектеп жаңы окуу жылында колдонууга берилет”, -деп айтылат билдирүүдө.

Пикир

Оставить комментарий