• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Нарын районунда окуучулар арасында бузууларды алдын алуу иштери жүргүзүлдү

Аймак 0

Бишкек, 18.11.21. /Кабар/. Нарын районунда мектеп окуучулары арасында мыйзам бузууларды алдын алуу иштери жүргүзүлдү. Бул тууралуу Нарын облустук милициясынын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, Нарын облустук ички иштер башкармалыгынын демилгеси менен ардагерлер кеңешинин, ооган жана Баткен согушунун ардагерлеринин жана Нарын райондук ички иштер бөлүмүнүн начальнигинин орун басары Талантбек Ашырбаевдин катышуусунда Куланак, Учкун айылдарында жайгашкан орто мектептерде жогорку класстын окуучулары жана мектеп администрациясынын катышуусу менен жолугушуу болуп өттү.

Иш-чаранын максаты өлкө башчысы Садыр Жапаровдун "Инсандын руханий-адеп-ахлактык өнүгүүсү жана дене тарбиясы жөнүндө" жарлыгынын негизинде келечектеги жаш муундарга туура багыт көрсөтүү, таалим-тарбия менен бөлүшүү, кылмыштуулуктун алдын алууда профилактикалык түшүндүрүү иштерин жүргүзүү, пикир алмашуу, эртеңки келечек тууралуу бир пикирге келүү үчүн ачык-айкын баарлашуу, эрте никеге туруу боюнча толук маалымат берилип, иш-чарада кызуу талкуулар болду.

Жолугушуунун алкагында окуучулар кызыккан суроолорун беришип, ушундай иш-чара дагы да улантылса, жер-жерлерде көбүрөөк өткөрүлүп турса деген ой пикирлерин айтышып, сунуштарын беришти.

Мындай саамалык Нарын районунун башка да айыл аймактарында улантылат.

Пикир

Оставить комментарий