• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Эртең Жалал-Абад шаарынын бир катар көчөлөрүндө газ берүү токтотулат

Аймак 0

Бишкек, 01.07.20. /Кабар/. Эртең, 2-июль күнү саат 08:00дөн 17:00гө чейин Жалал-Абад шаарындагы бир катар көчөлөрдө газ берүү токтотулат. Бул тууралуу «Газпром Кыргызстан» ЖЧКнын «Жалалабатгаз» филиалы билдиргендигин, шаардык мэриядан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, Барпы-Сейил көчөсү, Мельничный, Банный, Кирпичный, Кустарный, Родниковый, Горный, Курортный, Комсомольский, Спортивный, Дехканский, Первомайский кууш көчөсү, Ленин көчөсүнүн курорт жактан Барпы-Сейил көчөсүнө чейинки аралыкта газ берүү токтотулат.

“Бул аймактарда оңдоп-түзөө иштери жүргүзүлөт. Андыктан жаралган ыңгайсыздыкты түшүнүү менен кабыл алууга чакырабыз”, - деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий