• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

ИИМ: Туристтик сезонго карата укуктук тартипти жана коопсуздукту камсыздоо боюнча иш-чаралардын планы бекитилди

Коом 0

Бишкек, 01.07.20. /Кабар/. 2020-жылдагы туристтик сезонго даярдануу жана өткөрүү маалында коомдук тартипти жана жол кыймылынын коопсуздугун тиешелүү деңгээлде камсыздоо максатында Ички иштер министрлигинин планы бекитилди. Бул тууралуу аталган министрликтин маалымат кызматы кабарлайт.

Маалыматка ылайык, коомдук коопсуздукту камсыздоо үчүн ИИМдин башка бөлүктөрүнөн дагы милиция кызматкерлери тартылды.

“Санитардык-эпидемиологиялык эрежелерди эске алуу менен биздин өлкөгө келген туристтердин жана жарандардын коопсуздугун камсыздоо боюнча иш-чаралардын планы бекитилди. Коомдук тартипти жана эс алууга келген чет өлкөлүк туристтер менен жарандардын коопсуздугун камсыздоого тартылган ички иштер органдарынын бөлүктөрүнүн күчтөрү менен каражаттары эсептелип, так уюштуруучулук иш-чаралардын планы иштелип чыкты”, - деп айтылат маалыматта.

Ички иштер органдарынын өздүк курамына мыйзамдуулукту жана кызматтык тартипти тыкыр аткаруу, жарандарга, өзгөчө чет өлкөлүк туристтерге карата сылык, маданияттуу, так мамиле кылуу жөнүндө тескемелер өткөрүлдү. Ошондой эле туристтик маал учурунда туризм өлкөсү катары Кыргызстандын эл аралык имиджин жакшыртуу, туристтердин коопсуздугун камсыздоо, жаралган көйгөйлөрүн чечүүгө жардам берүү максатында түзүлгөн туристтик милиция взводу дагы тартылды.

“Кордай – Бишкек”, “Манас аэропорту – Бишкек”, “Түндүк айланма жолу – Бишкек”, “Бишкек-Балыкчы – Чолпон-Ата-Каракол” жолдору боюнча ИИМдин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын стационардык жана көчмө постторунун жайгаша турган жерлери дагы такталды.

Мындан сырткары, Боом капчыгайында жана Төө-Ашуу өтмөгүндөгү Бишкек-Ош унаа жолу боюнча күнү-түнү иштеген посттор, укук бузуулар (жол кырсыгы) жасалган жерлерге ыкчам барып, медициналык жардам көрсөтө турган ӨКМдин куткаруучулары менен тез жардамдардан турган нөөмөт уюштурулду.

Жарандардын маалыматтарына жана кайрылууларына ыкчам аракеттенүү үчүн күнү-түнү 100 кыска номери менен (0703) 630900 (WhatsApp) телефон номери иштейт. Абоненттер үчүн чалуу акысыз.

Пикир

Оставить комментарий