• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Талас облусунда “Камкордук” рейди өтүүдө

Аймак 0

Бишкек, 18.11.21. /Кабар/. Талас облусунун аймагында “Камкордук” аталышындагы алдын алуу рейди өткөрүлүүдө. Бул тууралуу облустук ички иштер башкармалыгынын маалымат кызматы билдирди.

Рейддин максаты — жашы жете электерге карата жана алар тарабынан жасалган кылмыштарды алдын алуу жана болтурбоо болуп саналат.

Иш-чаранын жүрүшүндө жашоо шарты оор кырдаалда жашаган жашы жете электер аныкталып, аларга социалдык жактан жардам көрсөтүлөт. Рейдге жашы жете электер менен иштөөчү инспекторлору, Талас шаардык мэриясы, социалдык коргоо башкармалыгы билим берүү бөлүмүнүн өкүлдөрү менен биргеликте өткөрүүдө.

“Компьютер ойноочу клубдар, базарлар, эс алуучу жайлар текшерилүүдө. Жашоо шарты оор үй-бүлөдөгү балдарды кыдырып, жашоо шарттарын текшерүү, көйгөйлөрдү аныктап жана чечүү иш аракеттери жүрүп жатат”, - деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий