• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Рейддин жыйынтыгы: Ошто мыйзамсыз тосмолор бузула баштады

Аймак 0

Бишкек, 08.02.22. /Кабар/. Ош шаарында рейддин жыйынтыгы менен Бабараимов көчөсүндөгү кийим-кече базарындагы мыйзамсыз тосмолор бузула баштады. Бул тууралуу Ош шаардык мэриясынын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, Ош шаарынын мэри Алмаз Мамбетовдун тапшырмасына ылайык, Бабараимов көчөсүн бойлой базардын жанындагы мыйзамсыз тосмолорду алуу иштери башталды. Буга чейинки рейдде мэр тарабынан айтылган тапшырмаларды вице-мэр Жасур Азимов көзөмөлдөп, жеринде тийиштүү кызматтар менен иш алып барууда. Базар ээлери мэриянын тротуарларды калыбына келтирүү демилгесин колдоого алууда.

Ош шаарында тротуарларды талапка ылайыктоо жана жөө жүрүүчүлөргө тоскоолдук жараткан курулуштар менен күрөшүү улантылат.

Пикир

Оставить комментарий