• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Тиешелүү кызматтар жогорку даярдыкта турат. Балыкчыда катуу шамал болууда

Аймак 0

Бишкек, 11.01.23. /Кабар/. Учурда Ысык-Көл облусунун Балыкчы шаарынын аймагында ылдамдыгы секундасына 24-28 метрге жеткен катуу шамал катталууда. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирет.

Маалыматка ылайык, Балыкчы шаардык мэриянын башчысы мэрдин буйругунун негизинде шаардык Жарандык коргонуу кызматтары жогорку даярдыкка келтирилген жана шаардык Жарандык коргонуу кызматтары тарабынан чалгындоо иштери жүргүзүлүүдө.

Балыкчы шаарынын мэриясынын маалыматына караганда, азырынча шаарда катуу шамалга байланыштуу өзгөчө кырдаал режими киргизиле элек.

Пикир

Оставить комментарий