• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Токтогулдун форели ички рынокто чоң суроо-талапка ээ

Аймак 0

Бишкек, 29.07.19. /Кабар/. Жалал-Абад облусундагы Кара-Көл шаарында бир топ ишкер Нарын дарыясынын жээгинде форель багуу менен алектенип келет.

Бек Тилеков аттуу ишкер, балык багууга киришээрдин алдында Санкт-Петербургдагы илимий-изилдөө институттан кишилер келип, дарыянын жээгин изилдеп, өзүнүн өң тыянагын бергенин айтат.

"Биринчи чабактар Даниядан алынып келген. Бүгүнкү күндө 240 тонна балык бар. Борбор калаада кайра иштетүүчү завод бар. Ал жерде икра чыгарабыз", - дейт ал.

Ишкердин айтымында, алардан чыккан продукция ички базарда, ошондой эле Казакстанга да сатылат.

"Ички базарда жакшы суроо-талап бар. Ошондой эле Алматыга сатылат. Андан тышкары биздин балыкты туристтер да жакшы көрөт", - дейт ал.

Пикир

Оставить комментарий