• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

ЮНИСЕФ Ош шаарынын мэриясы менен тыгыз кызматташууга даяр

Аймак 0

Бишкек, 18.11.21. /Кабар/. Ош шаарынын мэри Алмаз Мамбетов ЮНИСЕФтин Оштогу өкүлү Чынаргүл Жумагулова менен жолугушту. Бул тууралуу Ош шаардык мэриясынын басма сөз кызматынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, жолугушуунун жүрүшүндө эки тараптуу кызматташууну күчөтүү, бир катар долбоорлорду ишке ашыруу багытында сүйлөшүү жүрдү.

Шаар башчысы балдар укугун коргоодо, балдардын билим алуусунда, калыптануусунда ЮНИСЕФтин орду чоң экенин белгилеп, бул багытта жасап жатканы иштери үчүн ыраазылык билдирди.

Жумагулова ЮНИСЕФ Ош шаарынын мэриясы менен тыгыз кызматташууга, пландалган долбоорлорду ишке ашырууга даяр экенин билдирип, балдар маселесинде биргелешип чечүүчү маселелер бар экенине токтолду.

Пикир

Оставить комментарий