• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Мышыкты атып, аны видеого тарткан адам табылды

Аймак 0

Бишкек, 14.11.18. /Кабар/. Мышыкты атып, ал учурду видеого тартып алган адам табылды. Бул тууралуу Жалал-Абад облусунун ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда, Жалал-Абад ОИИБнин кызматкерлери бул окуяны териштирип, видеодогу атуулдун өздүгү аныкталып, ички иштер башкармалыгына алынып келинген.

Териштирүүнүн жыйынтыгы көрсөткөндөй, 5-октябрь күнү саат 12:00дөр чамасында Жалал-Абад шаарынын тургуну, 1983-жылы туулган Ильяз Кубатбеков үйүнүн алдындагы короосунда өзүнүн 1 жылдык мышыгын мойнуна тросстон жасалган сыйыртмак салып байлап алып тир мылтыгы менен эки жолу атып өлтүргөн.

Аталган окуя чагылдырылган видео интернетке тарап, Ильяз Кубатбековдун жаныбарларга ырайымсыз мамилеси коомчулуктун чоң талкуусуна алынган. Учурда тергөө иштери жүрүүдө.

Пикир

Оставить комментарий