• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Кыргызстандык балбан дүйнө чемпионатында коло медаль утуп алды

Спорт 0

Бишкек, 14.11.18./Кабар/. Кыргызстандык Балбай Дордоков 23 жашка чейинки спортчулар арасындагы грек-рим күрөшү боюнча дүйнө чемпионатында коло медаль тагынды. Бул тууралуу Бириккен күрөш дүйнөсүнүн сайты кабарлады.

Турнир 12-ноябрда Румыниянын Бухарест шаарында башталган. Дордоков 55 килограммга чейинки салмак категориясында катышкан. Финалда ал армениялык Нораяр Ахоянды 7:3 эсебинде утуп алган. Бул аталган чемпионаттагы КРнын курама командасынын алгачкы медалы.

Пикир

Оставить комментарий