• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Бишкекте эркин күрөш боюнча өлкөнүн чемпионаты өтөт

Спорт 0

Бишкек, 20.01.21. /Кабар/. Бишкектин Каба уулу Кожомкул атындагы Спорт ордосунда 29-30-январь күндөрү Кыргызстандын эркин күрөш боюнча чемпионаты өтөт. Бул тууралуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттигинен билдиришти.

Чемпионат улуттук курама командаларды түзүү, спортчулардын спорттук чеберчилигин жогорулатуу жана өлкөнүн жаштарынын арасында эркин күрөштү жайылтуу максатында өткөрүлүп жатат.

Мелдеш UWW эл аркалык уюмунун бекиткен эрежелеринин негизинде өтөт. Спорттук иш-чара көрүүчүлөрсүз болуп, баардык санитардык эрежелер сакталат.

Пикир

Оставить комментарий