• 88.68
  • 95
  • 0.95

Арча-Бешик конушунда үй тибиндеги бала бакча ачылды

Коом 0

Бишкек, 06.09.23. /Кабар/. Арча-Бешик конушунда үй тибиндеги “Тай-Тай бөбөк” бала бакчасы ачылды.

Бишкек мэриясынан билдиришкендей, бала бакча 1,5 жаштан 6 жашка чейинки балдарга мектепке чейинки билим берүү кызматын көрсөтөт. Бакчада балдарды кабыл алуу үчүн бардык шарттар түзүлгөн.

Ачылыш аземине билим берүү министринин орун басары Аида Рысбаева, мэрдин орун басары Виктория Мозгачева, Ленин районунун акими Жыргалбек Шакиев, акимдин орун басары Айзада Жунусова жана Арча-Бешик жаңы конушунун тургундары катышты.

Белгилей кетсек, үй тибиндеги бала бакчалар “Өкмөттүк акселераторлор” программасынын "Кыргызстанда мектепке чейинки билим берүү кызматтарын көрсөтүүдөгү тоскоолдуктарды азайтуу жана балдарды мектепке чейинки билим берүү менен камтууну жогорулатуу” долбоорунун алкагында ачылууда.

Долбоор Бишкек шаарындагы Ак-Босого, Ала-Тоо, Арча-Бешик, Ак-Ордо, Калыс-Ордо, Мурас-Ордо жаңы конуштарында ишке ашырылууда. Анда кыска мөөнөттүү курстарды аяктаган жана жеке ишкер катары катталган жарандар турак жайга үй тибиндеги бала бакча ачууга мүмкүнчүлүк алат.

Пикир

Оставить комментарий