• 88.68
  • 95
  • 0.95

Туманбаев: Ала-Арча паркында конок үйлөрдү куруу пландалууда

Коом 0


Бишкек, 26.01.23. /Кабар/. Ала-Арча мамлекеттик жаратылыш паркында быйыл конок үйлөрдү куруу пландалууда. Бул тууралуу президенттин иш башкаруучусу Каныбек Туманбаев социалдык тармактагы баракчасына жазды.

Анын айтымына караганда, өткөн жылы парктын жолу оңдолуп, жарыктандыруу иштерине аягына чыгарылган.

"Улуттук Ала-Арча жаратылыш паркы жылдын төрт мезгилинде тең туристтерди тосуп алып, кооздугу менен суктандырат. Эс алууга, жакындарыңыздар менен сейилдеп келүүгө абдан ыңгайлуу, коопсуз жана шаардан алыс эмес. Сиздерди жагымдуу убакыт өткөрүп кетүүгө чакырабыз. Өткөн жылы жолун оңдоп, жарыктандыруу иштерин аягына чыгардык. Бул жылы конок үйлөрдү курууну, мекенибизге келген меймандарыбызга шарт түзүүнү максат кылып жатабыз", - деди Туманбаев.

Пикир

Оставить комментарий