• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Майлуу-Сууда калктын 89%ы жылуулук менен камсыздалды

Коом 0

Бишкек, 25.01.23./Кабар/. Майлуу-Сууда калктын 89 пайызы жылуулук менен камсыздалды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, шаардагы №1, №3, №4 от казандарда жумуш жүргүзүлүп, жергиликтүү эл жылуулук менен камсыздалууда. Ал эми калган авариялык абалдагы жылуулук берүүчү түтүктөрдө ширетүү иштери жүрүүдө.

"Ичүүчү таза суу берилген түтүктүн негизги бөлүгүнүн 15 чакырымында эритүү иштери жүргүзүлүп, натыйжада калктын 30 пайызы таза суу менен камсыздалды. 26-январдан тарта ичүүчү таза суунун калган абоненттерге бере турчу тоңуп калган түтүктөрүн калыбына келтирүү үчүн 10го жакын жумушчу топ иш алып барат", - деп айтылат маалыматта.

Эске салсак, Майлуу-Суу шаарынын аймагындагы катуу сууктун кесепетинен 12-январь күнү шаардын калкына таза суу берүү үзгүлтүккө учураган. Суу берүү системасынын башкы суу сактагычында жана суу берүүчү түтүктөрдө суулар тоңуп, суунун басымы кескин төмөндөгөн.

Мындан улам шаарга берилүүчү суунун көлөмү азайгандыктан, Майлуу-Суу шаарын жылуулук менен камсыздаган №1, №3, №4 отказандардын жылуулук берүү системаларына суу толук келбей, жылуулук берүү үзгүлтүккө учураган.

Майлуу-Суу шаарынын аймагында III ордук даражасындагы өзгөчө кырдаал режими жарыяланган.

Пикир

Оставить комментарий