• 88.68
  • 95
  • 0.95

Бишкекте административдик-аймактык реформа жүргүзүүнүн алкагында тренингдерди өткөрүү маселеси талкууланды

Коом 0

Бишкек, 09.01.24. /Кабар/. Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттигинде административдик-аймактык реформанынын алкагында семинар-тренингдерди өткөрүү боюнча жыйын өттү. Бул тууралуу аталган агенттиктен билдиришти.

Жыйынга мамлекеттик агенттиктин директору Кудайберген Базарбаев, президенттин администрациясынын, агенттиктин кызматкерлери жана жогорку окуу жайлардын жетекчилери катышты.

Иш-чаранын жүрүшүндө жергиликтүү мамлекеттик администрация башчылары үчүн пилоттук режимдеги административдик-аймактык реформаны жүргүзүү боюнча семинар-тренингдерди уюштуруу, өткөрүү тууралуу маселелер талкууланды.

Кошумчалай кетсек, жакынкы күндөрдө агенттик КР президентине караштуу башкаруу академиясы менен биргеликте акимдерди реформанын жүрүшүндө иш алып баруулары боюнча окутуудан өткөрөт.

Пикир

Оставить комментарий