• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Бейшеналиев Швейцариянын БУУдагы туруктуу өкүлчүлүгүнө барды

Коом 0

Бишкек, 29.06.21. /Кабар/. 2021-жылдын 28-июнунда Кыргызстандын Женевадагы БУУда жана башка эл аралык уюмдарда туруктуу өкүлү Алмазбек Бейшеналиев Швейцария Конфедерациясынын Женевадагы БУУда жана башка эл аралык уюмдарда туруктуу өкүлчүлүгүнө сылык сапары менен барып, миссиянын башчысы Юрг Лаубер менен жолугушту. Бул тууралуу КР Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар кыргыз-швейцария кызматташтыгынын деңгээлин жана келерки жылы дипломатиялык мамилелердин 30 жылдык мааракесин белгилей тургандыгын канааттануу менен белгилешти.

Мындан тышкары, көп тараптуу аянтчалардын алкагындагы өз ара аракеттенүү маселелери да талкууланды.

Пикир

Оставить комментарий