• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Билим министрлиги окуу жылын 10-сентябрда баштоону колдойт

Коом 0

Бишкек, 27.10.17 /Кабар/. Билим берүүжана илим министрлиги окуу жылынын башталышын жылдыруу демилгесине каршы чыкпайт. Бул тууралуу “Кыргызстан” парламенттик фракциясынын жыйынында белгилүү болду.

Дастан Жумабеков демилгелеген жыйында окуу жылынын башталышын 1-сентябрдан 20-сентябрга жылдыруу маселеси талкууланды.

Билим берүү жана илим министри Гүлмира Кудайбердиева бул маселе боюнча ведомстволор аралык жумушчу топ түзүлгөнүн айтты. Анын жыйынтыгына ылайык, окуу жылынын башталышын 20-сентябрга эмес, 10-сентябрга жылдырууга болот. Ошондо туристтик сезон узартылып, программаны да өзгөртүүгө туура келбейт.

Министр окуу жылынын башталышын жылдырууну 2018-жылдан 2020-жылга чейин сынап көрүп, андан соң акыркы чечимди чыгаруу керектигин сунуштады.

Ошону менен бирге министр ЮНИСЕФтин бүтүмү боюнча балдар бул маалда эс албастан, түшүм жыйноо менен алектенерин белгиледи.

Кудайбердиева министрлик ноябрь-декабрда бул боюнча коомдук пикирди изилдеп, 2018-жылдын январында өкмөттүн токтомун кабыл алуу демилгесин көтөрөрүн айтты.

“Кыргызстан” фракциясынын лидери Алмазбек Баатырбековдун сунушу боюнча депутаттар бул маселени дагы бир ирет 2018-жылдын мартында карап чыгууну чечишти.

Пикир

Оставить комментарий