• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Ошко Сургуттан кыргызстандыктар кайтып келди

Коом 0

Бишкек, 26.08.20. /Кабар/. Күн мурун, 25-августта Кыргызстанга «Авиа Траффик» авиакомпаниясынын «Сургут - Ош» багыты боюнча чартердик каттамы менен 160 кыргызстандык кайтып келди, арасында жаш балдар бар, - деп билдирет КР ТИМдин басма сөз кызматы.

Маалыматка ылайык, бул каттам дүйнөдөгү коронавирус инфекциясынын пандемиясынын жайылышынан чек аралар убактылуу жабылышынан жана эл аралык жүргүнчү ташуу авиабилдирүүлөрүнүн токтошунан улам чет өлкөдөгү Кыргызстандын жарандарын кайтаруу боюнча жүргүзүлгөн иштин алкагында КР президенти жана өкмөтүнүн тапшырмасын аткаруу үчүн Россия менен Кыргызстандын тышкы ведомстволорунун сүйлөшүүлөрүнүн негизинде ишке ашырылган.

Жүргүнчүлөрдүн тизмеси Россиянын Ханты-Мансийск жана Ямало-Ненецк автономдук округдарында жашаган Кыргыз Республикасынын жарандарынын берген жеке арыздарынын негизинде Россия Федерациясындагы КР Элчилигинин Сургут шаарындагы Канцеляриясы тарабынан кыргыз диаспора уюмдарынын өкүлдөрү менен биргеликте түзүлгөн.

"Чет мамлекеттерде жүргөн Кыргыз Республикасынын жарандарынын Кыргызстанга кайтарып келүү иштери улантылууда", - деп айтылат Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы тараткан билдирүүдө.

Пикир

Оставить комментарий