• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Баясов Инвестицияларды илгерилетүү агенттигинин директорунун орун басары болуп дайындалды

Кадр саясаты 0

Бишкек, 26.08.20. /Кабар/. Нурадил Баясов Кыргыз Республикасынын Инвестицияларды илгерилетүү жана коргоо боюнча агенттигинин директорунун орун басары болуп дайындалды. Тийиштүү буйрукка Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Кубатбек Боронов кол койду. Бул тууралуу өкмөттүн аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү билдирет.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппарат жетекчисинин биринчи орун басары Акылбек Осмоналиев ведомствонун жамаатына Нурадил Баясовду тааныштырды.

Ошондой эле Нурадил Баясовго агенттиктин директорунун милдетин убактылуу аткаруу жүктөлдү.

2020-жылдын 4-октябрына дайындалган Кыргыз Республикасынын депутаттарын шайлоонун жыйынтыгы чыкканга чейин, «Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык мыйзамынын 21-беренесине ылайык, Кыргыз Республикасынын Инвестицияларды илгерилетүү жана коргоо боюнча агенттигинин директору Адилбек уулу Шумкарбектин кызматтык ыйгарым укуктары убактылуу токтотулган.

Акылбек Осмоналиев Нурадил Баясовдун кесипкөйлүк деңгээлин белгилеп, ага жооптуу кызматында ийгиликтерди каалады. Ал ошондой эле инвестицияларды илгерилетүү жана коргоо жаатындагы көрүлүп жаткан чаралардын маанилүүлүгүн жана аларды күчөтүүнүн зарылдыгын баса белгилеп, бул мамлекеттик саясаттын артыкчылыктуу багыттарынын бири экенин кошумчалады.

Пикир

Оставить комментарий