• 88.68
  • 95
  • 0.95

Кыргызстанда мектептердин 99%ы интернетке туташтырылган

Коом 0

Бишкек, 25.08.20. /Кабар/. Кыргызстанда мектептердин 99%ы интернетке туташтырылган. Бул тууралуу өкмөт үйүндөгү маалымат жыйында премьер-министр Кубатбек Боронов билдирди.

"Мектептерди сапаттуу жогорку ылдамдыктагы интернет менен камсыз кылуу иштери уланып жатат. Өлкө боюнча 2 миң 292 мектептин 99%ы интернетке туташтырылды. 14-августта өкмөттүн жыйынында интернет тартууга техникалык мүмкүнчүлүк жок делген 31 мектеп боюнча талкуулар болду. Учурда 9 мектепке интернет тартуу боюнча иштер жүргүзүлүп жатат", - деди ал.

Пикир

Оставить комментарий