• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

2022-жылы эл жана турак жай фондун каттоо: бешинчи күн

Коом 0

Бишкек, 30.03.22. /Кабар/. Каттоо өнөктүгү кызуу жүрүп жатат, - деп билдирет Улуттук статистика комитетинин басма сөз кызматы.

Алсак, өлкөнүн тургундары эл каттоо өнөктүгүнө көбүрөөк тартыла башташты жана алар бири-биринен эл каттоочу аларга келген-келбегенин сурашып, билүүгө кызыкдар болушууда. Кыргызстанда биринчи жолу уюштурулган электрондук форматагы эл каттоо да чыныгы кызыгууну жаратты.

Үчүнчү улуттук каттоону өткөрүүнүн маанилүүлүгүн эске алуу менен Кыргызстанга эл аралык эксперттер: КМШнын Мамлекеттер аралык статистика комитетинин төрагасы Владимир Соколин жана комитеттин социалдык-демографиялык статистика бөлүмүнүн башчысы Ирина Збарская келишти.

Эксперттер тарабынан Кыргызстандын эл жана турак жай фондун каттоого катышуу сыяктуу ушул дүйнөлүк глобалдуу долбоорлорго берилгендигин белгилешти. Эксперттер эл каттоонун жүрүшү менен таанышуу максатында аймактардагы эл каттоо бөлүмдөрүнө бир катар сапарларга чыгышат жана керектүү консультацияларды беришет.

Эске салсак, 2022-жылы эл жана турак жай фондун каттоо үстүбүздөгү жылдын 3-апрелине чейин ишин улантат. Улуттук статистика комитети тарабынан уюштурулган «ишеним телефону» да (тел. 1216) ишин улантууда. Эл каттоонун жүрүшү социалдык тармактарда чагылдырылып жатат.

Пикир

Оставить комментарий