• 88.68
  • 95
  • 0.95

Кыргыз-казак чек арасында 500дөн ашуун жүк ташуучу унаа топтолгону байкалууда

Коом 0

Бишкек, 05.10.23 / Кабар/. Бүгүн, 5-октябрь саат 14:00гө карата кыргыз-казак мамлекеттик чек арасындагы “Ак-Тилек” жана “Кен-Булуң” өткөрмө бекеттеринде унаалардын топтолуусу байкалууда. Бул тууралуу УКМКнын Чек ара кызматынан билдиришти

Ведомствонун маалыматына ылайык, “Кең-Булуң” постунун алдында 121, ал эми "Ак-Тилек" постунун алдында 395 унаа кезекте турат.

“Жүк ташуучу унаалардын топтолушу Кыргызстандан башка өлкөлөргө айыл чарба продукциясын экспорттоонун сезондук өсүшү менен байланыштуу болууда”, - деп айтылат маалыматта.

Ведомстводон белгилешкендей, ошол эле учурда кыргыз тарапта да, казак тарапта да унаалардын өтүшүнө эч кандай чектөөлөр жок, өткөрүү пункттары кадимки режимде иштеп жатат.

Пикир

Оставить комментарий