• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Улукбек Марипов ИКУнун башкы катчысына ишеним грамотасын тапшырды

Саясат 0

Бишкек, 30.03.22. /Кабар/. Кыргызстандын Сауд Аравия Падышалыгындагы элчиси Улукбек Марипов 28-мартта Ислам кызматташтык уюмунун (ИКУ) башкы катчысы Хиссейн Брахим Тахага КРнын ИКУ алдындагы туруктуу өкүлү катары ишеним грамотасын тапшырды.

КР Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматынын маалыматына ылайык, башкы катчы Таха элчи Мариповду КРнын Сауд Арабиядагы дипломатиялык миссиясынын башчысы болуп дайындалышы менен куттуктап, анын ИКУдагы туруктуу өкүл болушу Кыргызстан менен ИКУ ортосундагы, ошондой эле уюмга мүчө мамлекеттер менен ар тараптуу тармактарда кызматташтыкты мындан ары өнүктүрүүгө татыктуу кызмат кылат деген ишенимин билдирди.

Өз кезегинде элчи Марипов дипломатиялык миссиясынын жүрүшүндө дүйнөдөгү тынчтыкты орнотуу жана коопсуздук маселелери боюнча ИКУнун алдында турган маанилүү милдеттерди ишке ашыруу, кризистик кырдаалдарды жөнгө салууда күчтөрдү консолидациялоо, социалдык, экономикалык жана гуманитардык программаларды илгерилетүү боюнча биргелешкен күч-аракеттерди алдыга жылдыруу үчүн бардык күч-аракетин жумшай тургандыгын билдирди.

Тараптар КР менен ИКУ ортосундагы кызматташтыктын актуалдуу маселелерин жана келечегин, ошондой эле Исламабад шаарында 2022-жылдын 22-23-мартында ИКУнун Тышкы иштер министрлер кеңешинин 48-сессиясынын алкагында КР тышкы иштер министри Руслан Казакбаев менен ИКУнун башкы катчысы Х.Б.Таханын ортосунда болуп өткөн жолугушуунун жыйынтыктары боюнча жетишилген макулдашууларды ишке ашыруу жөнүндө мындан аркы кадамдарды талкуулашты.

Жолугушуунун соңунда элчи башкы катчыга асыл демилгелерди ишке ашырууда жана ислам баалуулуктарын коргоодо, ошондой эле уюмга мүчө мамлекеттердин ортосундагы бир туугандык мамилелерди чыңдоодо мындан аркы ийгиликтерди каалады.

Пикир

Оставить комментарий