• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Бишкекке Москвадан 159 кыргызстандык учуп келди

Коом 0

Бишкек, 22.08.20. /Кабар/. Күн мурун, 21-августта, Кыргызстанга «Авиа Траффик» авиакомпаниясынын «Москва – Бишкек» багыты боюнча чартердик каттамы менен 159 кыргызстандык учуп келди, алардын арасында жаш балдар да бар. Бул тууралуу КР ТИМдин басма сөз кызматы билдирет.

Бул каттам дүйнөдөгү коронавирус инфекциясынын пандемиясынын жайылышынан чек аралар убактылуу жабылышынан жана эл аралык жүргүнчү ташуу авиабилдирүүлөрүнүн токтошунан улам чет өлкөдөгү Кыргызстандын жарандарын кайтаруу боюнча жүргүзүлгөн иштин алкагында КР Президенти жана Өкмөтүнүн тапшырмасын аткаруу үчүн Россия менен Кыргызстандын тышкы ведомстволорунун сүйлөшүүлөрүнүн негизинде ишке ашырылган.

Аталган каттамга жүргүнчүлөрдүн тизмеси кыргыз диаспорасынын өкүлдөрүнөн, Элчиликтин кызматкерлеринен, КР Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик миграция кызматынын жана ИИМдин Россиядагы өкүлчүлүктөрүнүн кызматкерлеринен турган комиссия тарабынан түзүлгөн.

Комиссиялык тандоо гуманитардык критерийлер боюнча КР жарандарынын жеке арыздарынын негизинде жүргүзүлдү. Өзгөчө, каттамга Россиянын ЖОЖдорунда окуган студенттер, төрөтү жакындап калган кош бойлуулар жана жаш балдары бар аялдар, ошондой эле Мекенине чукул түрдө кайтышы керек болгон себеби бар жарандар, мисалы: оор илдеттери барлар, жакында эле хирургиялык операция жасаткандар, жакындарынын кайтыш болушу жана башка оор турмуш кырдаалдарына кабылгандар киргизилген.

Чет мамлекеттерде жүргөн жана мекенине кайтып келүүнү каалаган Кыргыз Республикасынын жарандарын кайтаруу боюнча иштер уланууда.

Пикир

Оставить комментарий