• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Ош облусунун аймагында жер титиреди

Кырсык 0

Бишкек, 22.08.20. /Кабар/. Бүгүн, 22-августта саат 05:24тө Ош облусунун аймагында очогунда күчү 4 баллга жеткен жер титирөө катталды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

КР Сейсмология институтунун маалыматына ылайык, жер титирөө Ош облусунун Чоң-Алай районундагы Карамык, Кара-Тейит, Шибээ айылдарында – 3 балл, Эгин-Жай айылында 2,5 баллга чейин сезилген.

Жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.

Пикир

Оставить комментарий