• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Кайгуул кызматкерлери жүргүнчү ташыган фирмалардын айдоочулары менен жолугушуу өткөрдү

Аймак 0

Бишкек, 24.01.22. /Кабар/. Бишкек ШИИББси боюнча милициянын кайгуул кызматынын техникалык көзөмөлдөө бөлүмү автобекеттеги сырткы жана ички каттамдарга каттаган маршруттук жана таксилердин фирмаларынын жетекчилери менен жолугушуу өткөрдү. Бул тууралуу Милициянын кайгуул кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, жолугушу учурунда Жибек-Жолу көчөсүнүн Жаш-Гвардия бульварынан тартып, батыш автобекетине чейинки бөлүгүндөгү туура эмес токтогон таксилерди, ошондой эле өкмөттүк жолдун жээгинде жайгашкан батыш автобекеттин айланасындагы туура эмес токтоткон автоунааларды тазалоо, иретке келтирүү боюнча талкуулар орун алды.

Техникалык көзөмөлдөө бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан фирмалардын жетекчилерине автоунаалар көрсөтүлгөн жерлерде гана кардар күтүп туруусу, каттамга чыгаарда техникалык жана наркологиялык көзөмолдөрдөн өтүүсү, ошондой эле жүргүнчүлөдүн коопсуздугу үчүн санитардык-эпидемологиялык талаптардын толук сакталышын көзөмөлдөп турулуусу эскертилди.

Пикир

Оставить комментарий