• 88.68
  • 95
  • 0.95

Үч уул, эки кыз: Баткенде чек арада курулган жаңы ооруканада 5 наристе төрөлдү

Аймак 0

Бишкек, 25.12.23. /Кабар/. Баткен районунун Самаркандек айылында жаңы курулган оорукананын төрөт бөлүмүндө үч уул жана эки кыз жарык дүйнөгө келди. Эне-балдардын абалынан президенттин Баткен облусундагы өкүлү Абдикарим Алимбаев кабар алып, белектерин тапшырды. Бул тууралуу облустагы өкүлчүлүктөн кабарлашты.

Облус башчысы наристелерге узун өмүр, бекем ден соолук каалап, кыргыздын керегине жараган уул-кыздардан болушуна тилектештигин билдирди.

Белгилей кетсек, аталган оорукана облус борборунан 50 чакырым алыстыктагы чек ара айылдарынын калкына медициналык кызмат көрсөтөт.

Бейтапкана үстүбүздөгү жылдын 11-декабрында президент Садыр Жапаровдун катышуусунда салтанаттуу ачылып, пайдаланууга берилген.

Аталган оорукана чек арада жайгашкан Самаркандек, Ак-Сай, Ак-Татыр айыл аймактарынын социалдык көйгөйүн жеңилдетүү максатында мамлекет башчысынын жеке колдоосу менен курулган. Ал жалпы 75 орунга ылайыкташкан.

Пикир

Оставить комментарий