• 88.68
  • 95
  • 0.95

Аламүдүн районунда "Евразия" соода борбору ачылды

Экономика 0

Бишкек, 25.12.23. /Кабар/. Аламүдүн районунун аймагында "Еразия" соода борбору ачылды. Бул тууралуу Экономика жана коммерция министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, ага Экономика министрлигинин, КР Соода-өнөр жай палатасынын, президенттин Чүй облусундагы өкүлүнүн аппаратынын жана КР бизнес-коомчулугунун өкүлдөрү катышты.

"Евразия" соода борбору төмөнкү багыттарда иш жүргүзөт:

– товар рыногунун (товар алмашуу) субъекттеринин ортосунда бартердик мамилелерди уюштуруу;

– товардын түз акчалай эмес алмашуусу, мында товар рыногунун субъекттери маанилүүлүгү жана наркы (баасы) боюнча эквиваленттүү бир же бир нече түрдөгү товарлардын белгилүү көлөмүн алмаштыруу;

– чекене/дүң адистештирилбеген соода жүргүзүү (онлайн, оффлайн);

– онлайн аянтчаны уюштуруу (соода системасы).

Жалпысынан алганда “ЕВРАЗИЯ” борбору онлайн жана оффлайн платформаларын айкалыштырган чекене жана дүң сооданын кеңири спектрин сунуштап, онлайн соода же салттуу дүң алмашууда керектүү нерсени табууга уникалдуу мейкиндикти түзөт.

Аталган соода борборунун дареги: Аламүдүн району, Лебединовка айылы, Жеңиш проспектиси 287.

Пикир

Оставить комментарий