• 88.68
  • 95
  • 0.95

Лейлекте жашы жете электерге нике кыюуга шектелип мечит имамы кармалды

Укук тартиби 0

Бишкек, 25.12.23. /Кабар/. Баткен облусуна караштуу Лейлек районунда жашы жете электерге нике кыюуга шектелип мечит имамы кармалды. Бул тууралуу облустук милициянын басма сөз кызматынан кабарлашты.

Шектүү катары кармалган 63 жаштагы М.М. аттуу имам октябрда жашы жете электерге нике кыйгандыгы аныкталган.

Аталган факт райондук милиция тарабынан каттоого алынып, сотко чейин өндүрүш иши башталган.

Облустук милициядан Лейлек районунун аймагында жыл ичинде башка молдорлор тарабынан да жашы 18ге толо элек өспүрүмдөргө нике кыйган 2 факты аныкталгандыгын кошумчалашты.

Учурда тергөө иштери жүрүп жатат.

Пикир

Оставить комментарий