• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Кочкордо “Арсенал” иш-чарасынын алкагында мыйзамсыз курал жана ок-дарылар табылды

Аймак 0

Бишкек, 20.09.21. /Кабар/. Нарындын Кочкор районунда “Арсенал” аталышындагы ыкчам иш-чарасы өткөрүлдү. Бул тууралуу облустук ички иштер башкармалыгынан билдиришти.

Кочкордо 13-15-сентябрь аралыгында уруксат берүү системасына кирген бардык объектилердин ок атуучу курал жарактар, ок-дарыларынын мыйзамдуулугу текшерилип, ок атуучу куралдарды, жарылуучу заттарды мыйзамсыз сактап, алып жүргөндөрдү аныктоо, аларды бөлүмгө өткөрүү боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.

Иш-чаранын жүрүшүндө Кочкор районунун 61 жаштагы С.Т. аттуу тургунунун үйүнөн мыйзамсыз бир даана 12-калибрдүү ок атуучу курал, бир даана белгисиз үлгүдөгү номери жок пневматикалык тапанча жана 12-калибрдүү 525 даана, 16-калибрдүү 209 даана, 7.62-39-калибрдүү 500 даана, 7.62-51-калибрдүү 140 даана, 5.6-калибрдүү 3600 даана ок-даарылары табылды.

Аталган факты Жазык кодексинин 253-беренесинин 2-бөлүмү (“Куралдарды, ок-даарыларды мыйзамсыз жүгүртүү”) боюнча катталып, сотко чейинки өндүрүш иши башталды.

Мындан тышкары, Кочкор районунун Чолпон айылынын Т.А. аттуу тургуну короосун бузуп жатып мыйзамсыз бир даана 12-калибрдүү ИЖ-58 МА ок атуучу куралын таап алып, өз ыктыяры менен Кочкор райондук милициясына өткөрүп берген.

Пикир

Оставить комментарий