• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Сыналгы аркылуу жарандарга акысыз юридикалык кеңеш бериле баштады

Коом 0

Бишкек, 20.09.21. /Кабар/. 2021-жылдын 16-сентябрынан тартып КР Юстиция министрлигинин алдындагы Мамлекет кепилдеген юридикалык жардамды координациялоо боюнча борбору (мындан ары МКЮЖБ), КР Адвокатурасы жана КР Коомдук телерадиоберүү корпорациясы (КТРК) менен бирдикте үч тараптуу келишимдин негизинде "Акысыз адвокат" аттуу программа уюштуруп, жарандарга түз эфирде акысыз юридикалык кеңеш бере баштады. Бул тууралуу Юстиция министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, көрсөтүүнүн негизги максаты МКЮЖБнун тутумунда катталган адвокаттар аркылуу жарандарга укуктук жардам көрсөтүү, ошондой эле калктын укуктук сабаттулук деңгээлин жогорулатуу.

“Аталган телекөрсөтүү 2021-жылдын 16-сентябрынан баштап 2022-жылдын сентябрына чейин, жума сайын ар бейшемби күнү кечки саат 19:20да түз эфирде өткөрүлөт. Суроолорду фейсбук социалдык тармактагы баракча аркылуу жана 0505802060 номуруна катталган телеграмм жана вотсап мессенджерлер аркылуу жөнөтүүгө болот”, - деп айтылат маалыматта.

Белгилей кетсек, 2021-жылдын 16-сентябрында өткөн алгачкы чыгарылышта өлкө боюнча жарандардан 2,5 миңден ашык ар тараптуу суроолор келип түштү, ал эми түз эфирге 50 кайрылуу болду.

Алардын ичинен эки жаран калыстар тобу аркылуу тандалып, укуктук жардам алышууда. Кайрылган жарандардын көйгөйлөрүн чечүү жаатында МКЮЖБ тарабынан кандай иш-аракеттер жүргүзгөнү боюнча ачык айкын кийинки көрсөтүүдө түз эфирде баяндалат.

Пикир

Оставить комментарий