• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Саламаттык сактоо министрлиги бардык процесстерди санарипке өткөрүү иштерин улантууда

Коом 0

Бишкек, 21.04.22. /Кабар/. Саламаттык сактоо министрлиги бардык процесстерди санариптик форматка өткөрүү боюнча иштерди улантууда. Бул тууралуу ведомствонун басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, медициналык кызматкерлердин жана саламаттык сактоо уюмдарынын ишин оптималдаштыруу үчүн 14 отчеттук статистикалык формасы кыскартылды.

"Эми кызматкерлер түздөн-түз медициналык иш-чараларга көбүрөөк убакыт бөлө алышат. Отчеттук формаларды оптималдаштыруу статистикалык маалыматтын сапатын жана натыйжалуулугун жогорулатууга, маалыматтын кайталанышын жоюуга жана отчеттуулуктан актуалдуу эмес маалыматтарды алып салууга мүмкүндүк берет", - деп айтылат маалыматта.

Аталган иш-чаралар 2022-2024-жылдарга карата «Санариптик саламаттык сактоонун максаттык моделин өнүктүрүүнүн» алкагында жүрүүдө.

Пикир

Оставить комментарий