• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Башкы прокуратура коррупция менен күрөшүү боюнча бирдиктүү эсепке 17 млн сом которду

Экономика 0

Бишкек, 16.09.19. /Кабар/. Башкы прокуратура коррупция менен күрөшүү боюнча бирдиктүү эсепке 17 млн. 182 миң 970 сом 74 тыйын которду. Бул тууралуу ведомствонун басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, башкы көзөмөл органы тарабынан экономикалык жана кызматтык кылмыштар жөнүндө кылмыш иштери боюнча мамлекетке келтирилген зыяндан орду толтурулган акча каражаттарды сактоо жана каттоо үчүн ачылган бирдиктүү депозиттик эсепке жалпысынан 536 млн. 445 миң 462 сом 01 тыйын которулган.

Пикир

Оставить комментарий