• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Салык кызматы 45 миңден ашык булут электрондук кол тамгасын берди

Экономика 0

Бишкек, 14.03.24. /Кабар/. Мамлекеттик салык кызматы булут электрондук кол тамгаларды берүү кызматы ишке киргизгенден бери 45 миң 141 кол тамга берди. Алардын ичинен жеке жактарга — 13 миң 820 кол тамга жана юридикалык жактарга — 31 миң 321 кол тамга берилген.

Салык кызматынын басма сөз кызматынан булут электрондук кол тамгасын алуу акысыз жана бир аз гана убакытты аларын эске салышты.

Электрондук кол тамганы алуу үчүн жеке жактар өздүгүн тастыктаган документи менен каалаган аймактык салык органына кайрылуусу керек.

Юридикалык жак уюмдун мамлекеттик каттоодон өткөндүгү тууралуу күбөлүктү, уюмдун жетекчисинин өздүгүн тастыктаган документти же болбосо күбөлөндүрүүчү борборду пайдалануучунун ишеним катын, ошондой эле ишенимдүү адамды дайындоо жөнүндө буйрукту салык органындарына бериши керек.

Салык кызматы салык төлөөчүлөр "жеке кабинетке" жана МСКнын башка электрондук сервистерине кирүү үчүн булуттук электрондук кол тамгасын колдоно аларын эскертет.

Белгилей кетсек, салык төлөөчүлөргө убакытты үнөмдөө жана салык органдары менен натыйжалуу өз ара аракеттенүү сыяктуу электрондук сервистердин артыкчылыктарын колдонуу үчүн БЭК алуу сунушталат.

Пикир

Оставить комментарий